Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:15

“Коопсуз шаар” боюнча тендердин экинчи айлампасы өттү


Анын жыйынтыгында тендердик комиссия беш компанияны тандап алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, долбоордун биринчи турунда сегиз компания документтерин тапшырган. Аларын арасында Кыргызстандан үч, Кытайдан эки, Түркия, Израил, Молдовадан бирден компания катышкан. Тендердик комиссиянын 29-октябрдагы жыйынында Dessa International S.R.L., Shenzhen Topform Computer Tehnology Co Ltd., Ozone Iletişim Teknolojileri, «Стилсофт Бишкек» жана Anteo Worldwide компаниялары тандалып алынды. Эми алар 29-ноябрга чейин өз сунуштарын комиссияга жөнөтүшү зарыл.

"Коопсуз шаар” долбоору өлкөдөгү Бишкек, Ош, Каракол шаарларынын көчөлөрүнө жана Бишкек-Каракол жолуна видеокөзөмөл орнотуу аркылуу коопсуздукту камсыздоону көздөйт. Камералар борбордук аянттарга, сейил бактарга, ири базарларга жана соода жайларына да орнотулат.

Кыргыз өкмөтү эки жылдан бери “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыра албай келет. Болжол менен ага 43 миллионго жакын доллар керек. (BkA)

XS
SM
MD
LG