Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Үч фазаны кыркуу токтотулду


Кыргызстанда электр энергиясын жылуулук үчүн үч фазалуу колдонуучуларды өчүрүү токтотулду. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди. Анын айтымында, күчкө салып өчүрүүгө болбойт.

Буга чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун тартыштыгынан улам өкмөт электр энергиясын жылытуу үчүн колдонууга чектөө киргизген. Бирок президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн мындай кадамын сынга алып, “кыштан кыйналбай чыгуу үчүн жетишпеген электр энергияны өнөр жайдын жана калктын жарыгын өчүрүү аркылуу чечүү кадамы терең жаңылыштык” деп атаган. Ошондон кийин Казакстандан кошумча көлөмдөгү электр энергиясын сатып алууну тапшырган. Учурда бул багытта Казакстан жана Түркмөнстан сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын министрликтен кабарлашты. (BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG