Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Студенттерди кабыл алууда чыккан чатакты прокуратура иликтөөдө


Башкы прокуратура Кыргыз-Орус Славян университетине студенттерди мыйзамсыз кабыл алууга байланыштуу ишти иликтеп жатат. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кабарларга караганда, УКМКга караштуу Коррупцияга каршы кызмат Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 24 студент мыйзамсыз кабыл алынганы боюнча иш козгогон. Ишти иликтөө учурунда ошол студенттер Жогорку Кеңештин Билим берүү комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин окуу жай жетекчилигине жазган катынын негизинде кабыл алынганы маалым болгон.

УКМК бул иш боюнча комментарий берүүдөн баш тартса, Башкы прокуратура бул иштин өз өндүрүшүнө түшкөнүн тастыктады.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары бул факт боюнча депутат Каныбек Осмоналиевге кылмыш иш козголушу мүмкүн экенин жазып чыккан эле. Бул боюнча депутат комментарий бере элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG