Замбиянын президентинин милдетин өлкөнүн вице-президенти Гай Скотт колго алды.
Буга чейинки президент, 77 жаштагы Майкл Сата 28-октябрда оорудан каза тапкан. Президенттик шайлоо 90 күн ичинде өтөт.
Өлкө Конституциясы боюнча Гай Скотт президенттикке ат салыша албайт, себеби анын ата-энеси Замбияда төрөлгөн эмес.
Майкл Сата төрт жолу президенттик шайлоого катышып, 2011-жылы гана жеңишке жетишкен. Өлкө жетекчилигине келгенден бери саясий атаандаштары тарабынан репрессиялык кысымдардын айынан экономиканы көтөрүү планын ишке ашыра алган эмес.
Замбия Африканын түштүгүндө жайгашкан. 1964-жылдын октябрына чейин өлкө Түндүк Родезия деп аталып, Британиянын протектораты болуп турган.