Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:56

Обама: Африкада эболага каршы иштерди күчөтүү керек


АКШ президенти Барак Обама Кошмо Штаттарында эбола илдетин жуктуруп алгандар дагы катталышы мүмкүндүгүн билдирип, америкалыктарды вирустан коргоонун мыкты жолу - бул илдеттин очогу делген Батыш Африкада каршы иштерди күчөтүү керектигин белгиледи. Обама бул билдирүүсүн шаршембиде америкалык медицина кызматкерлери менен жолугушуусунда айтты.

Ал Батыш Африкада учурда коркунучтуу оору менен күрөшүп жаткан америкалык дарыгерлерди баатырлар деп атады. Обама Африкадан келген медиктерди карантинге алуунун кажети жоктугун белгилеп, кээ бир штат башчыларынын карантин боюнча күчөтүлгөн чараларын сынга алды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, эбола вирусунан көз жумгандардын саны беш миңден ашкан.

XS
SM
MD
LG