Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:15

Швеция расмий түрдө Палестинаны мамлекет деп тааныды


Палестина.
Палестина.

Швеция Европадагы чоң мамлекеттердин арасында Палестина мамлекети деп тааныган алгачкы өлкө болду.

Швециянын тышкы иштер министри Марго Вальстрем Палестина үчүн бул кадам өзүнүн келечегин аныктоодо оң жыйынтыктарга багыт алууга түрткү берет деп үмүт артты.

Палестинаны мамлекет деп тааный турганын Швеция октябрдын башында эле айткан болчу. Анда Швециянын бул кадамын Израил "шашмалык" деп сынга алган. Расмий Израилдин пикиринде, бул Палестин-Израил тынчтык келишимине терс таасирин тийгизет.

13-октябрда Британия парламентинде да бул маселе боюнча талкуу болуп, депутаттар Палестинаны мамлекет катары таануу тууралуу резолюциясын жактырган.

Палестиналыктар Израил оккупациялап алган Чыгыш жээктеги, Чыгыш Иерусалимдеги жана Газа секторундагы өзүнүн аймактарына мамлекет статусун берүүгө умтулуп келет.

XS
SM
MD
LG