Буга байланыштуу бүгүн Ички иштер министрлигинде, Милиция академиясында салтанаттуу иш-чаралар болот. Анда милициянын алдыңкы кызматкерлерине сыйлыктар жана наамдар тапшырылат.
Кыргыз милициясы Кара-кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечиминин негизинде 1924-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн. Ошондуктан 1-ноябрь Кыргызстанда милиция кызматкерлеринин кесиптик күнү катары белгиленет.(ZKo)