Келерки жума, 7-ноябрь - кыргызстандыктар үчүн дем алыш күн деп жарыяланды. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен кабарлашты. Ал күнү Октябрь социалисттик революция күнү белгиленет. 1990-жылдардын башына чейин 7-ноябрь социалисттик республикалардын баарында негизги майрамдардын бири катары эсептелген.
Эгемен Кыргызстанда 7-ноябрды кайрадан майрамдоо тууралуу чечим коммунисттердин сунушу менен 2001-жылы парламентте кабыл алынган. Адатта бул күн Бишкектин эски аянтында Лениндин эстелигине гүл коюу жана коммунисттер уюштурган чакан митинг менен гана чектелет.
7-ноябрда Кыргызстанда дагы бир майрам – Басма сөз күнү. 1924-жылы ушул күндө улуттук тунгуч гезит жарык көргөн. (SE)