Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:00

Атамбаев Москванын колдоосуна ыраазычылык билдирди


Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Кыргызстанга көрсөтүп жаткан колдоосуна ыраазычылык билдирди.

30-октябрь күнү мамлекет башчы орус премьер-министри Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү боюнча капиталы 1 млрд. АКШ доллары болгон кыргыз-орус биргелешкен фондун түзүү тууралуу макулдашууну талкуулашты. Аталган фонд Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү шарттарын жакшыртуу максатында быйыл жазында Астанада өткөн саммитте кыргыз өкмөтү тарабынан демилгеленип, Орусия аны колдогон.

Медведев менен сүйлөшүү учурунда мамлекет башчы эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүккө канааттанарын айтып, достук маанайдагы колдоосу үчүн үчүн орус бийлигине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады. (SE)

XS
SM
MD
LG