1-ноябрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас өрөөндөрүнүн айрым жерлеринде түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13,
Талас жергесинде түнкүсүн -1...-6, күндүз 8...13,
Баткен облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 8...13,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 10...15,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...+1, күндүз 5...10,
Нарын облусунда түнкүсүн -4...+9, күндүз 5...10,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...+20, күндүз -3...-8 градус болот
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, кечинде туман түшүшү мүмкүн. Түнкүсүн -1...+1, күндүз 10…12 градус жылуу болот.