Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:18

Кытай Ооганстан боюнча жыйын өткөрүүдө


Ооганстан боюнча Бээжиндеги бүгүнкү жыйын.
Ооганстан боюнча Бээжиндеги бүгүнкү жыйын.

Стамбул жараяны деп аталган жыйынга Кытай менен Ооганстандын өзүнөн башка ондон ашык өлкө, анын ичинде байкоочу катары Кошмо Штаттар да катышууда. Күн тартибиндеги маселе - коопсуздук жана Ооганстанды калыбына келтирүү.

Жыйындын ачылышында 28-октябрда бери Кытайда расмий иш сапары менен жүргөн ооган президенти Ашраф Гани сүйлөдү.

Ганинин сапары учурунда Бээжин Кабулга 330 миллион доллар грант берерин, алдыдагы беш жылда 3500 ооган адисин окутуп, даярдоону убада кылды.

Кытай табигый байлыктарынын акчалай наркы бир триллион доллар деп саналган Ооганстандын башкы инвестору. Өлкөдөгү мунай менен жездин ири кенин иштетүү укугуна буга чейин эле ээ болгон.

Эки өлкөнүн ортосунда 76 чакырымдык чек ара тилкеси бар. (UE)

XS
SM
MD
LG