Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

Москвада 15 кыргызстандыкка кылмыш иши козголду


“Мигрант-2014” рейдинин алкагында кармалган кыргызстандык 15 жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз элчилигинен кабарлашты.

Москва шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан элчиликке кармалгандар тууралуу берилген маалыматка ылайык, алар жасалма документ кылуу боюнча шектелип жатат. Учурда элчилик кызматкерлери мигранттар арасында укуктук түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

“Мигрант-2014” рейди 23-октябрда башталган, 3-ноябрда аяктайт. Рейддин жүрүшүндө 25 миңден ашуун чет элдик текшерилди. Алардын 7 миңине административдик чара колдонулуп, жүздөн ашууну депортацияланды.

Москвадагы “Замандаш” бирикмесинин төрагасы Руслан Эшимов “Азаттыкка” билдиргендей, милиция мыйзамдуу иштеп жаткандарды да кармап кеткен учурлар болууда. (JsO\SE)

XS
SM
MD
LG