Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Буркина-Фасонун президенти кызматтан кетүүдөн баш тартууда


Оппозиция кызматтан чегинүүсүн талап кылып жаткан президент Блэз Кампаоре.
Оппозиция кызматтан чегинүүсүн талап кылып жаткан президент Блэз Кампаоре.

Президент Блэз Кампаоренин бийликте бешинчи мөөнөткө калышына жол ачкан добуш берүүнү токтотуу үчүн кечээ демонстранттар парламент имаратына чабуул коюшуп, анын бир бөлүгүн өрттөп жиберишкен эле.

Оппозициянын ырастоосунда, кагылышууда кеминде 30дай кишинин өмүрү кыйылды. Бирок бул маалыматты көз карандысыз булактар аркылуу тактай элек.

Башаламандыктардан кийин өлкөдө бир нече саатка өзгөчө абал тартиби киргизилип, бирок ал кайра алынды. Армия параламент жана өкмөт таратылганын, эми жаңы улуттук биримдик өкмөтү кураларын жарыялады.

Бийликке алгач 1987-жылы төңкөрүш аркылуу келген президент Компаоре кызматтан чегинүүдөн баш тартып, өткөөл өкмөттү өзү башкарарын айтууда. (UE)

XS
SM
MD
LG