Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Оторбаев: Орусияга каршы санкциялардын эпкини Кыргызстанга тийип жатат


Евробиримдиктин Орусияга киргизген санкциялары Москвага өнөктөш республикаларга, анын ичинде Кыргызстанга да терс таасирин тийгизип жатат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн жыйынында премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Ал экономика жаатында жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгына ылайык, ушундай тыянак чыгарылганын белгиледи. Өкмөт башчы бул пикирин сомдун кунунун түшүүсү жана күйүүчү майга болгон баанын жогорулашы менен негиздеди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, Оторбаев Кыргызстандын өнүгүшү тышкы экономикалык саясатка көз каранды экенин кошумчалап, Орусия экономикасындагы солгундоонун эпкини Кыргызстанга сөзсүз тиерин айтты. (SE)

XS
SM
MD
LG