Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:37

Кыргыз милициясы 90 жылдыгын белгилөөдө

Бүгүн, 1-ноябрында кыргыз милициясынын уюшулгандыгына 90 жыл толду. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги бир катар иш-чараларды өткөрдү. Бишкектин борбордук аянтында марафон, милиция кызматкерлеринин салтанаттуу жүрүшү болду. Азыр Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өлкөнүн бардык аймагынан келген милиция кызматкерлеринин катышуусунда салтанаттуу жыйын башталды.

1924-жылдын 14-октябрында РСФСРдин курамындагы Кара-кыргыз автономиялуу облусу түзүлгөндөн кийин 1-ноябрдан тартып облустук милиция бөлүмү өз ишмердүүлүгүн баштаган.

Ички иштер министири болуп жакында эле Мелис Турганбаев бекитилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG