Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

Украиналык учкуч аял Савченкону абакка которушту


Москва соту украиналык учкуч Надежда Савченкону психикалык ооруканадан тергөө абагына которду. Бул тууралуу анын жактоочусу Марк Фейгин Твиттер баракчасына жазды. Ал психиатриялык ооруканада экспертизалык тергөө аяктаганын билдирген.

Москва соту 27-октябрда Савченкону камоо мөөнөтүн узарткан болчу.

Учкуч аялдын адвокаттары анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, күрөөгө чыгарууну соттон өтүнүүдө. Орусиянын Тергөө комитети аны Луганскта орус журналисттерин өлтүргөн, кийин качкын катары Орусияга келип алган деп айыптоодо. Ал эми Савчено жана Украина бийлиги аны орусиячыл жикчилдер кармап алып Орусияга өткөрүп бергенин айтып жатат. Украин президенти Порошенко Савченкону "Эрдик үчүн" ордени менен сыйлаган.

XS
SM
MD
LG