Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

Президент милиция кызматкерлерин куттуктады


Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракеси менен куттуктаган кайрылуусунда, кыргыз милициясынын таржымалында далай сыймыктуу барактар жазылганын, бирок тилекке каршы, коомдо тартип сакчыларынын кызматкерлерине карата көп дооматтар бар экенин айтты. Президент мындан ары дагы милиция кызматкерлерин өз милдетин так аткарууга, эл ишенимин актоого чакырды.

Бүгүн, 1-ноябрда кыргыз милициясынын уюшулгандыгына 90 жыл болот. 1924-жылдын 14-октябрында РСФСРдин курамындагы Кара-кыргыз автомиялуу облусу түзүлгөндөн кийин 1-ноябрдан тартып облустук милиция бөлүмү өз ишмердүүлүгүн баштаган.

XS
SM
MD
LG