Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:06

Айрым аткаминерлерди кызматтан алуу сунушталды


31-октябрда ушул жылдын тогуз айындагы өлкө аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча өкмөт жыйынында бир катар аткаминерлерди жазалоо сунушталды.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев аймактардын 9 ай ичиндеги социалдык-экономикалык абалы, коюлган пландардын аткарылышы, күз жана кыш мезгилдерине даярдыгы боюнча абал иликтенгенин билдирди. Анын жыйынтыгында дээрлик бардык облустарда өндүрүш төмөндөп кеткени анык болгон.

Буга байланыштуу Сарпашев өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге Аксы, Өзгөн, Ысык-Көл, Ала-Бука, Кемин, Панфилов жана Лейлек райондорунун акимдерине, Баткен, Сүлүктү жана Майлы-Суу шаарларынын мэрлерине сөгүш берүүнү сунуштады.

Ошондой эле, Талас, Баткен облустарындагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлерине эскертүү берүүнү, ал эми Исфана шаарынын мэрин, Ак-Талаа, Ысык-Көл райондорунун акиминин орун басарларын кызматтан алууну сунуштады. (МТо)

XS
SM
MD
LG