Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Сузак районунда 120 тонна чөп күйүп кетти


1-ноябрдын түнүндө Жалал-Абад облусунун Сузак районунда ири өрт катталып, өрт өчүрүүчүлөр аны бир нече саатта өчүрүшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт жеке турак үйлөрдүн бириндеги эки кабат сарайдан чыгып, андагы чөпкө жеткенде күчөп кеткен.

Натыйжада 120 тонна чөп күйүп кетип, ӨКМ кызматкерлери аны таңга жуук гана өчүрүп үлгүрүштү. Өрт кесепеттери иликтенүүдө. (МТо)

XS
SM
MD
LG