Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:32

Кыргызстандык жигиттерден куралган “Виктор” тобу Бишкекте концерт коет


Санкт-Петербургда кыргызстандык жигиттерден куралган “Виктор” аттуу музыкалык квартет 6-ноябрда Бишкекте концерт коет. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган топтун ардактуу мүчөсү Нурбек Сатыбалдиев билдирди.

Сатыбалдиевдин айтымында, Асхат Калбаев, Рустам Сахибназаров жана Владимир Бакчевников аттуу оштук жигиттерден турган “Виктор” тобу 1995-жылы Санкт-Петербургга концертке катышуу үчүн барып, кийин аз убакыт өтпөй аталган шаарга көчүп кетишкен. Топтогулар 1998-жылга чейин бирге болушуп, “Память”, “Дайте мне слово...” аттуу альбомдорун жазышып, гастролдорго чыгып турушат. Ошентип 98-жылы таркап кетип, үч жылдан кийин кайрадан Асхат Калбаев башында турган жаңы курамда чыга баштайт. Виктор Цойдун 40 жылдыгына арнап, "Виктор + Цой" аттуу альбомун жараткандан кийин кайрадан жоголуп кетип, 2009-жылы чогулуп гастролдорун жанданта башташкан.

Алар 6-ноябрда Бишкектеги опера жана балет театрында концерт коюуну пландашууда. (МТо)

XS
SM
MD
LG