Таласта кол салууга кабылган ишкер Райкан Алканов ички иштер министри Мелис Турганбаевге кайрылуу жасап, милиция жалган маалымат таратып жатканына нааразы экенин жазды. Кайрылууда ал 26-октябрга караган түнү Таластагы өз үйүндө кол салууга кабылганын, бычактаган адамдар менен эч кандай байланышы жок экени айтылат. Анын айтымында, акчалай жардам сурап келген аял менен кыз үйүнөн чыкпай коюп, анан түн бир оокумда акча талап кылып бычактаган.
Буга чейин милициянын маалыматына таянып, айрым басылмалар кол салууга шектүү катары кармалган 16 жаштагы кыз менен ишкер байланышы бар экенин жазып чыгышкан.
Райкан Алкановго 26-октябрга караган түнү Таластагы өз үйүндө кол салуу болгон. Кол салуудан Алкановдун ашказаны, көк боору жана боору жабыркаган. Ага операция жасалды. Дарыгерлер ишкердин денесине 18 жолу бычак урулганын билдиришкен. (TSh)