Нарендра Моди жана Наваз Шариф билдирүү менен чыгышына эки өлкөнүн чегиндеги башкы өткөөл бекеттеги кечээги кан төгүү түрткү берди. Вагах өткөөл бекетинде кечээ жанкечти жасаган жардыруудан соңку маалыматтар боюнча, кеминде 55 кишинин өмүрү кыйылды. Дарыгерлердин айтымында, алардын ону жаш балдар менен аялдар. Мындан тышкары ондогон киши жаракат алды.
Жардыруу жүздөгөн адамдар Лахор шаарынын чет жакасындагы аскерий параддан кайтып келе жаткан учурда болду.
Өзү Индия менен Пакистандын аскерлери чек аранын эки тарабында парад жана желек көтөрүү жөрөлгөсүн күн сайын өткөрүп турат. Дем алыш күндөрү бул жөрөлгөнү көрүү үчүн адатта жүздөгөн киши чогулат.
“Азаттыктын” Пакистан кызматы – “Машаал” радиосунун кабарына караганда, кол салуу үчүн жоопкерчиликти Талибан менен байланышы бар бир нече уюм, анын ичинде “Техрик-е-Талибан”, “Жамат-ул- Ихрар” топтору алууда. (UE)