“Эркиндик мунарасы” деп аталган 104 кабаттуу имаратка алгачкылардан болуп Conde Nast деп аталган басма компаниясы кирүүдө.
2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулда 2700 адамдын өмүрү кыйылган жерге курулган имаратка Дүйнөлүк соода борбор-1 деген дарек ыйгарылган.
Бийиктиги 524 метр келген, курулушуна 3,9 миллиард доллар сарпталган “Эркиндик мунарасы” АКШдагы эң бийик имарат болуп калды.
Имаратка ээлик кылган Нью-Йорктун жана Нью-Жерсинин бийликтери Дүйнөлүк соода борбордун он үч жылдан кийин кайра ачылышын өтө маанилүү окуя катары сыпатташууда. ( UE)