Москва шаарындагы товар сактоочу кампалардын бири өртөнүп, андан бир кыргызстандык набыт болгон. Бул тууралу орусиянын «БалтИнфо» басылмасы жазды.
Мааламатка ылайык, каза тапкан адам аталган кампада кароолчу болуп иштеген. Алдын-ала божомол боюнча, ал чылымды өчүрбөй уктап калган.
Учурда кырсыктын чыгымдары такталып, иликтөө иштери жүрүп жатат. (TSh)