Кечээги шайлоодогу добуштардын 90 пайыздан ашууну саналгандан кийин эми экинчи айлампада премьер-министр Виктор Понта менен Сибиу шаарынын мэри, Улуттук-либералдык партиянын лидери Клаус Йоханнис беттеше турган болду.
Биринчи айлампанын баштапкы жыйынтыгына караганда, Виктор Понта добуштардын 40%, Клаус Йоханнис 30,5% алды.
16-ноябрга белгиленген экинчи айлампанын жеңүүчүсү президенттик кызматта акыркы он жылдан бери турган Траян Басескуну алмаштырат.
Румыния Еврошарккетке 2007-жылы кошулган, бирок коррупциядан улам шаркеттеги эң жакыр эки өлкөнүн бири бойдон калууда. (UE)