Ага Хан эл аралык кору куруп жаткан Нарындагы Борбор Азия университетине 2016-жылы студенттердин алгачкы тобу кабыл алына баштайт. Бул маалымат Карим Ага Хандын Нарында болгон иш сапарында белгилүү болду.
Окуу жай Нарын шаарынын батыш тарабындагы 230 гектардан ашык жерде 2000-жылы башталган. Курулуш бүтсө анда Борбор Азия өлкөлөрү менен Ооганстандын студенттери билим ала алышат.
Казакстандын Текели, Тажикстандын Хорог жана Кыргызстандын Нарын шаарларындагы Борбор Азия университетинин курулуштарынын демөөрчүсү Карим Ага Хандын кору. (TSh)