Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:05

НАТОнун колбашчысы Украинадагы жикчилдер шайлоосун сынга алды


АКШ аба күчтөрүнүн генералы Филип Бридлав Пентагондогу басма сөз жыйында Украинадагы орусиячыл жикчилдердин шайлоосу быйыл 5-сентябрда жетишилген тынчтык планга шайкеш келбестигин, кырдаалдын оңолушуна салым кошпой турганын белгиледи.

НАТО колбашчыларынын бири ошондой эле Орусия жикчилдерди курал менен камсыздоону азыр да улантып жатканын, Украинанын аймагында 250-300дөй орус аскери бардыгын кошумчалады.

Бирок, Филип Бридлавдын айтымында, орус аскерлери уруштарга тартылган жок, негизинен машыктыруу иштери менен алектенүүдө.

Орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардын шайлоо комиссиялары өзүн-өзү жарыялаган “Донецк элдик республикасынын” башчылыгына, кечээги шайлоонун натыйжасында Александр Захарченко, “Луганск элдик республикасынын” башчылыгына Игорь Плотницки шайланганын жарыялашты.

Жикчилдердин сынчылары болсо шайлоо эч бир атаандаштыксыз өткөнүн айтып жатышат.

Расмий Киев Донецк жана Луганск облустарынын айрым бөлүктөрүндө өткөн шайлоону “фарс” деп атаса, Орусия “элдин эркин билдирүүсү” деп мүнөздөдү. (UE)

XS
SM
MD
LG