Түрк армиясынын ишин Стамбулдун соту бүгүн кайрадан карай баштаган 236 офицери өкмөттү кулатуу максатында кутум даярдаган деп айтыпталышкан.
Кайра кароо башталардан мурда Түркиянын Конституциялык соту айыпкерлердин адилет сотко ээ болуу укугу бузулду деп тапкан эле.
Армиянын кызматтагы жана отставкадагы 300дөн ашуун офицери Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтүн кулатууну көздөгөн деген айып менен 2012-жылы 20 жылга чейин түрмөгө кесилишкен.
Алардын арасында армиянын Башкы штабынын мурдагы акими, деңиз жана аба күчтөрүнүн мурдагы колбашчылары да бар.
Түркияда узактан бери секулярдык түзүлүштүн коргоочусу катары саналган армия 1960, 1980-жылдары төңкөрүш жасап, 1997-жылы исламчыл саясатчы жетектеген өкмөттү кызматтан кетүүгө мажбурлаган.
( UE)