Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:56

Каракалпак активисттери кыргыз бийлигинен жардам сурады


“Алга, Каракалпакстан” кыймылынын активисттери Өзбекстандын атайын кызматы оппозиционер Аман Сагидуллаевди издеп, Бишкекке келгенин маалымдады. Алар Каракалпакстан Ички иштер башкармалыгындагы ишенимдүү булактарга таянып билдиришкендей, Бишкекте баш калкалап жүргөнү айтылган Сагидуллаевди кармоо үчүн улуттук коопсуздук кызматынын эки кызматкери жана милициянын эки өкүлү октябрда келген.

Кыймыл мүчөлөрү Сагидуллаевди коргоонү өтүнүп, кыргыз бийлигинен жана БУУдан жардам сураганын интернет булактары жазып чыкты.

Аман Сагидуллаев өзү 2011-жылы саясий куугунтуктун айынын Өзбекстандан чыгып кеткен. Бирок кайдан баш калка алганы айтылган эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG