Башкы прокуратура бүгүн тараткан маалыматка караганда, Ош шаардык сотунун өкүмү боюнча Кадыржан Батыров жана Ином Абдурасулов сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылды. Ал эми Карамат Абдуллаева 16 жылге кесилди. Бул адамдардын баары 2010-жылкы июнь окуяларын уюуштурган жана козуткандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды.
Бул адамдардын баары Кыргызстандан чыгып кетишкен. Батыров күнөөсү жок экенин интернеттеги интервьюларында билдирип келет.
2010-жылдын июнь айында Ош менен Жалал-Абаддагы коогалаңда 400дөн ашык адам набыт болгон. Ошол жылдын 10-июнунда Ош шаарында кыргыз-өзбек жаштарынын ортосунда тутанган чыр улут аралык кагылышка айланып кеткен эле. (TSh)