Учурда сынактын экинчи турунан документтерин тапшырган бардык он талапкер тең өтү. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн Коомдук телерадио берүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин жетекчиси Илим Карыпбеков маалымдады.
КТРКанын жетекчилигине ат салышуу үчүн Назира Раимкулова, Абдыкадыр Султанбаев, Сталбек Дүйшалиев, Космос Чыдынов, Үсөн Көлбаев, Шадыкан Жакыпов, Болот Тилебаев, Жээналы Камбаралиев, Султан Жумагулов жана Назаркул Жоошбаев документ тапшырган.
Үчүнчү турдун так датасы аныктала элек. Анда Байкоочу кеңештин мүчөлөрү менен талапкерлер маектешүү жүргүзөт. КТРКанын жетекчилигин шайлоо үчүн Байкоочу кеңештин мүчөлөрү жашыруун добуш беришет. (TSh)