Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

Акыйкатчы эжесине козголгон ишти өз ишмердиги менен байланыштырууда


Акыйкатчы Бакыт Аманбаев парламентте, 3-октябрь, 2013.
Акыйкатчы Бакыт Аманбаев парламентте, 3-октябрь, 2013.

Акыйткатчы Бакыт Аманбаев бир тууган эжеси Урмат Аманбаевага Башкы прокуратуранын кылмыш ишин козгошун өз ишмердүүлүгү менен байланыштырып, кылмыш иш негизсиз козголгон деп билдирди:

- Мен акыйкатчы катары Башкы прокуратура, башкы прокурордун туура эмес кабыл алган токтомдорунун бетин ачып, аларды коомчулукка жарыялап гана тим болбостон сотко берип утуп алгам, бирок жогорку инстанцияга жеткенде баш прокурор Аида Салянованын түздөн түз кийлигишүүсү менен токтоп калган фактылар болгон. Салянова иштеп турганда адам укуктарын натыйжалуу коргоо мүмкүн эмес. Кримдүйнөнүн лөгү атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча баш прокурордун өзүн жазага тартуу керек. Анын бул кызматта иштегенге моралдык укугу жок, - дейт Аманбаев.

Башкы прокуратура 3-ноябрда Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты Урмат Аманбаевага коррупцияга байланыштуу кылмыш ишин козгогон. (EBM)

XS
SM
MD
LG