Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:36

Freedom House УКМК текшерүү жүргүзүп жатканына тынчсызданат


Freedom House эл аралык уюму кызматкерлерин жана анын өнөктөштөрүн Улуттук коопсуздук кызматы текшерип жатканына нааразы. Уюмдун 4-ноябрда тараткан кайрылуусундагы маалыматка караганда, эки ай мурун улуттук азчылыктардын абалы, алардын укугуна байланыштуу сурамжылоо боюнча УКМК териштирүү иштерин жүргүзө баштаган. Органдардын териштирүүсүнө сурамжылоого катышкан жергиликтүү өзбек коомчулугунун нааразычылыгы себеп болгон.

Freedom House ал сурамжылоодо эч кандай улут аралык мамилени козуткан элементтер жок экенин белгилейт. Ошондой эле Freedom House уюму Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн эч нерсеге карбай уланта берери жазылат.

Буга чейин Freedom House жүргүзгөн сурамжылоону Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет териштирип, ага укуктук баа берилери маалым болгон.

Freedom House адам укуктары жаатында иш алпарган эл аралык уюм. Ал 2002-жылдан бери Кыргызстанда иш алпарып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG