“Согуш жабыркагандардын көз карашы менен” аттуу сүрөт көргөзмөнү Кыргызстандагы Швейцария элчилиги эл аралык Кызыл Чырым уюму менен бирге гуманитардык ишмердүүлүктүн 150 жылдыгына карата уюштурган.
Иш-чара Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде өтүп жатат. Ага швейцариялык фотограф Жан Мор тарткан сүрөттөр коюлган. Автордун эмгектеринде согуш алааматынын адамзат тагдырына тийгизген таасирлери көрсөтүлгөн.
Көргөзмө 14-ноябрга чейин Бишкекте, 20-30-ноябрь күндөрү Ошто өтөт. (ZA)