Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Парламент Сарпашевге таандык фирмадагы мыйзам бузууларды карайт


Жогорку Кеңеш депутаттары бүгүн вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге тиешелүү “Градиент” фирмасындагы мыйзам бузууларды талкуулайт.

Сарпашев негиздеген бул фирма Бишкектеги Ак-Өргө жаңы конушунда жол куруу боюнча тендерди утуп, бирок жасалган иштин баасын көбөйтүп жибергени мурда кабарланган. Ошондой эле “Кумтөр” ишканасына май ташууда да мыйзам бузууларга жол берилгени айтылат. Бул боюнча депутаттар иликтөө комиссиясын түзгөн. Анын жыйынтыгы бүгүн парламентке сунушталарын комиссиянын төрагасы Максат Сабиров “Азаттыкка” билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев эгерде Сарпашевдин коррупциялык иштерге тиешеси бар экени аныкталса, жазаланарын айткан. Бирок Сарпашев фирманы негиздегенин, аны башка адамдар иштетерин белгилеп келет. (SE)

XS
SM
MD
LG