6-ноябрда төрага Асылбек Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея кеңешинин көчмө жыйынына катышат.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Иш-сапар алкагында Жээнбеков Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен да жолугары белгилүү болду.
ЖККУга Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларус жана Армения мүчө.