Линктер

бейшемби, 19-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:56

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Кыргыз туусу” гезитинин 90 жылдыгына арналган салтанат өтүүдө. Буга чейин маарекенин алкагында илимий-практикалык конференция, гезиттин тарыхын чагылдырган көргөзмө өткөн.

"Эркин-Тоо" гезити - кыргыз тилинде чыккан туңгуч гезит. Анын алгачкы саны 1924-жылдын 7-ноябрында Ташкенде жарык көргөн. Кийинчерээк ал "Кызыл Кыргызстан", "Советтик Кыргызстан", "Кыргыз туусу" аталып калган. Бул гезит Кыргызстандын мыйзамдарын жана башка расмий кагаздарын жарыялап келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG