Бүгүнкү өтүп жаткан парламенттик жыйында жакында Башкы прокуратура тарабынан “Республика” фракциясынын депутаты Урмат Аманбаева жана “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Осмоналиевге козголгон кылмыш иши боюнча депуттатык комиссия түзүү сунушталууда.
Эл өкүлдөрү бул боюнча прокуратурадан билдирүү келбегендиктен, аталган органдын жетекчилерин чакырып, депутаттарга козголгон кылмыш иш боюнча маалымат угуу керек экени айтылды.
Башкы прокуратура депутат Урмат Аманбаеваны Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (коррупция) боюнча 27-октябрда кылмыш ишин козгогон. Ал эми 31-октябрда Каныбек Осмоналиевге кыргыз-орус Славян университетинин медициналык факультетине 24 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышына байланшы бар деген негизде иш козголгон. (TSh)