Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Жалал-Абадда журналисттер күнү борбордук аянтта белгиленди


7-ноябрь - Маалымат жана басма сөз күнүнө карата журналисттерди сыйлоо аземи шаардын борбордук аянтында алгачкы жолу салтанаттуу түрдө белгиленди.

ММК өкүлдөрүн өкмөттүн облустагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева жана шаар мэри Салайдин Авазов куттукташып, сыйлоо баракчаларын жана акчалай сыйлыктарын тапшырышты. Ошондой эле маданият кызматкерлеринин концерттик программасы тартууланды.

Майрамдык иш-чарага шаар бийлиги тарабынан 45 миң, ал эми облус жетекчисинин резервдик фондунан 65 миң сом бөлүнгөн. Жалал-Абадда учурда 1 облустук, 2 жеке менчик багыттагы телеканал жана беш гезит иштейт.

1924-жылы 7-ноябрда биринчи улуттук тунгуч гезит “Эркин-Тоо” (азыркы “Кыргыз-Туусу”) жарыкка чыккан. Ошол себептүү, 1993-жылы өкмөттүн токтому менен 7-ноябрь жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин күнү катары жарыяланган. (RsK)

XS
SM
MD
LG