“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду АКШнын Демократиялык комиссиясынын колдоосу менен 9-11-класстардын окуучу кыздары, Бишкек шаарындагы жаңы конуштардагы мектеп окуучулары үчүн насаатчылык боюнча долбоорду ишке киргизип жатат. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты.
Долбоорго 36 кыз катышууда, алар 15-18 жаштагы 400 кыздын ичинен тандалып алынды. Долбоор окуучулардын ой жүгүртүү жөндөмүн жакшыртуу, өз алдынчалыгын, лидерлик сапаттарын өстүрүүгө көңүл буруу максатын көздөйт.
“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду ишин 2012-жылдын январында баштаган. Фонд өлкөнүн социалдык, саясий-экономикалык өнүгүшүнө көмөктөшө турган программалар менен долбоорлорду ишке ашырып келет. (TSh)