Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:56

Ош облустук кургак учук борборунун мурдагы жетекчиси камалды


Депутат Урмат Аманбаевага козголгон кылмыш иштин алкагында Ош облустук Кургак учук борборунун мурдагы жетекчиси Б.А. бүгүн облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө абагына камака алынды. Бул боюнча Башкы прокуратурадан кабарлашты. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын депутаты Урмат Аманбаеваны Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү - коррупция боюнча айыптап, 27-октябрда кылмыш ишин козгогон. Аманбаева аталган борбордо башкы бухгалтер болуп турганда коррупциялык схемаларды түзгөн, мунун айынан өлкө казынасына ири өлчөмдө зыян келген деп айыпталып жатат.

Урмат Аманбаева болсо бул айыптоолорду четке кагып, кылмыш ишин иниси акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG