Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:26

НАТО башкатчысы Кабулга барды


Түндүк альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг Ооганстандан аскерлерди чыгарып кетүү боюнча сүйлөшүү жүргүзөт. Ал президент Ашраф Гани жана премьер-министр Абдулла Абдулла менен жолугат деп күтүлүүдө. Тараптар НАТО менен Ооганстандын кызматташуусун талкуулайт.

Альянстын аскерлери ушул жылдын аягына чейин чыгарылат. АКШ жана Ооганстан НАТОнун “чектелүү сандагы” аскерлерин калтыруу боюнча келишимге Ашраф Гани президенттикке киришкенден кийин кол койгон.

2010-жылы альянстын аскерлери 130 миңге жетсе, учурда алардын саны 34 миңге жакын. (КЕ)

XS
SM
MD
LG