Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

Москвада актер Алексей Девотченконун сөөгү табылды


Орусияда белгилүү актер, соңку кезде Кремлди сындап жүргөн Алексей Девотченконун сөөгү Москвада, ижарага алган батиринен 5-ноябрда табылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары тартип коргоо органдарына таянып жазып чыгышты. Алгач анын өлүмү криминалдык мүнөзгө ээ экени айтылган. Кийин 49 жаштагы актер жүрөгү кармап каза болушу мүмкүн деген версия да каралууда.

Соңку кездерде Девотченко Украинадагы кырдаалга байланыштуу Орусияны сындап, өкмөткө каршы акцияда сөз сүйлөгөн. Ал 2010-жылы Владимир Путинди өкмөт башчылыктан кетүү талабы менен чыккан петицияга кошулган.

Алексей Девотченко "Улицы разбитых фонарей", "Бандитский Петербург" жана "Убойная сила" деген кино жана телеериалдарда ойногон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG