Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Украина өлкө чыгышына паспорттук режим киргизди


Расмий Киев Украинанын чыгышындагы жикчилдер көзөмөлдөп турган аймактар үчүн паспорттук режим киргизди. Чек ара кызматынын 6-ноябрда билдиргени боюнча, Донецк жана Луганск облустарына кирген жана чыккан Украина жарандары паспортторун көргөзүшү керек. Бул аймактын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жасалып жатканы айтылды. Жаш балдары барлар туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөтүүсү зарыл. Документи жок адамдар атайын бөлүккө жөнөтүлүп, бул аймакка кирүү максаты аныкталат.

Паспорттук режим киргизүү тууралуу маалымат расмий Киев жикчилдер көзөмөлдөп турган аймактарды каржылоосун токтотуу чечимин кабыл алгандан кийин айтылды. 2-ноябрда Донецк жана Луганск облустары шайлоо өткөрүп, өз башчыларын шайлашкан. Муну Украина “фарс” десе, Батыш өлкөлөрү мыйзамсыз экенин белгилеп жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG