Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Жаза аткаруу кызматынын өкүлү изделүүдө


Чүйдүн Аламүдүн районундагы түзөтүү мекемесинде өндүрүш иштери боюнча жетекчинин орунбасары болуп иштеген Мутевали Ибраимов изделүүдө. Ал быйыл 23-октябрдан бери дайынсыз жоголгонун, туугандарынын арызынын негизинде издөө жүрүп жатканын райондук Ички иштер бөлүмүнөн “Азаттыкка” билдиришти. Ибраимов Молдовановка айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылган эмес.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул маалыматты тастыктады. Бирок Мутевали Ибраимов 11-ноябрга чейин эмгек өргүүсүндө болгондуктан, аны издөө чаралары көрүлө электигин билдиришти. (SE)

XS
SM
MD
LG