Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

Панкратион боюнча Азия чемпионаты Кыргызстанда өтөт


Эркектер жана кыз-келиндер арасында панкратион боюнча 2015-жылкы Азия чемпионаты Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн панкратион жана грепплинг боюнча федерациясынын президенти Нурлан Мурадилов билдирди. Анын айтымында мындай чечим Венгрияда өткөн дүйнө биринчилиги аяктагандан кийин, күрөштүн бириккен түрлөрү боюнча эл аралык федерациясынын конгрессинде кабыл алынган.

Венгриядагы чемпионат 22-24-октябрь күндөрү өткөн. Ага катышкан кыргыз спортчулары бир алтын, бир күмүш жана эки коло медал утуп келген. (ECh)

XS
SM
MD
LG