Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Назарбаев Атамбаевге «Достык» орденин ыйгарды


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевге биринчи даражадагы “Достык” орденин тапшырды. Казак президенти муну Атамбаев эки мамлекеттин ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий мамилелерди өнүктүрүүгө салым кошкону менен негиздеди.

Бүгүн кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Казакстанга мамлекеттик сапар менен барды. Учурда Астанада эки өлкөнүн мамлекеттер аралык кеңешинин 4-жогорку жыйыны өтүүдө. Анын соңунда бир катар кедишимдерге кол коюлат.

Назарбаев мамлекеттик визит менен Кыргызстанга 2012-жылдын августунда келген. Анда мамлекеттер аралык кеңештин 3-жогорку жыйыны өткөн болчу. Андан тышкары, Назарбаев 2013-жылы Кыргызстанда эки ирет болуп, аймактык уюмдардын, атап айтканда ЖККУнун жана ШКУнун саммиттерине катышкан. Ал эми кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев буга чейин Казакстанга эки ирет жумушчу сапар менен барган. 2013-жылдын апрель айында Астанага, ал эми быйыл майда Назарбаевдин чакыруусу менен Алматыда жумушчу сапарда болгон. (ZB/TSh)

XS
SM
MD
LG