Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Жээнбеков Орусия президенти менен жолукту


Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Орусия президенти Владимир Путин менен Москва шаарында жолугушту. 6-ноябрдагы жолугушуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынынын алкагында өттү. Төрага суу-энергетика тармагындагы бирдиктүү стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Асылбек Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблея кеңешинин көчмө жыйынына катышканы Орусияга кеткен. (TSh)

XS
SM
MD
LG