Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Кыргызстан менен Казакстан электр энергиясы боюнча келишим түздү


Анда Казакстан быйыл Кыргызстанга 400 миллион, 2015-жылы 1400 млрд. киловатт электр энергиясын сатуусу белгиленген. Бул тууралуу казак президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн Астанадагы
маалымат жыйынында билдирди. Назарбаевдин айтымында, кыргыз тарап өз кезегинде эки өлкө ортосундагы сугат суу боюнча келишимдерди аткарууга убада берген. Бирок маалымат жыйынында Кыргызстан сатып алчу электр энергиясынын баасы канча болору айтылган жок.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн Казакстанга бир күндүк мамлекеттик сапар менен барган. Ал Астанада казак президенти менен жолугушуп, эки өлкөнүн мамлекеттер аралык кеңешинин жогорку жыйынына катышты. (ZB)

XS
SM
MD
LG