Эмнести Интернешнл (AI) укук коргоо уюму Орусиядан уурдалып, күч менен Өзбекстанга кайтарылган кишинин тагдырына камтамасын билдирди. Уюмдун ырастоосунда, өзбекстандык ишкер Мирсобир Хамидкариев июнда Москвада орус полициясы тарабынан кармалып, кийинки күнү эле өз өлкөсүнө өткөрүлгөн. Билдирүүдө айтылгандай, адвокатына өткөн аптада аны менен Ташкенттеги абакта жолугушууга мүмкүнчүлүк берилген жок. Адвокат атайын кызматтар Хамидкариевди экстремисттик уюмга мүчө болгонун моюнга алдыруу үчүн уруп-сабап, кыйнашканын айтып берген.
"Эмнести Интернешнл" билдиргенине караганда, өзбек бийлиги бизнесменди тыюу салынган диний экстремисттик уюм түзгөндүгү үчүн айыптаган. Хамидкариев муну четке кагууда.